Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Пакистанда бомбанын жарылуусунан 11 киши мерт кетти


Пакистандын Кветта шаарында бомбанын жарылуусунан аз дегенде 11 киши жан таслим болду. "Машал" радиосу кабарлагандай, 30дан көп киши жараат алды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.

Кветта – Балучистан чөлкөмүнүн борбор шаары. Аймактагы улутчулдар жылдардан бери автономияны жана жаратылыш ресурстарынан түшкөн каражаттын көбүрөөк үлүшүнүн берилишин талап кылып келатышат.

Жакында шийилерди жана өкмөттүк кызматкерлерди бутага алган бир нече кол салуу болгон. Адатта андай карасанатайлыкты Lashkar-e-Jhangavi кыймылынын согушкерлери жана Балучи козголоңчулары жасап келишет.

XS
SM
MD
LG