Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Спилбергдин тасмасы 12 Оскарга көрсөтүлдү


Режиссер Стивен Спилбергдин АКШнын киши колдуу болгон президенти Абраам Линколн жөнүндөгү тасмасы Кино академиянын 12 Оскар сыйлыгына көрсөтүлдү. "Пинин жашоосу" (Life of Pi) 11 категорияда талапкер болду.

Эң мыкты фильм үчүн сыйлыкка дагы 7 чыгарма көрсөтүлдү. Алардын ичинде “Кордук көрүп, запкы чеккендер” (Les Miserables), ирандык "Арго" (Argo), француз тилиндеги “Сүйүү” (Amour), Усама Бин Ладенди табуу аракеттерин, аны жок кылуу операциясын баяндаган “Номур биринчи бута” (Zero Dark Thirty) деген жана башка фильмдер бар.

Оскардын жеңүүчүлөрү 24-февралда Лос-Анжелестеги аземде жарыяланат.

XS
SM
MD
LG