Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Грузин активисттери Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылды


Грузияда жарандык активисттер президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылып, 1 миллиондон ашуун кол топтошконун билдиришти. Алар мамлекет башчынын кызмат мөөнөтү 21-январда соңуна чыгууда деп эсептешет. Себеби Конституцияга ылайык, 20-январда азыркы президенттин 5 жылдык ыйгарым укуктары аяктоодо.

2011-жылы Саакашвилинин партиясы парламентте көпчүлүккө ээ болуп турган кезде Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, бийликтен кетип жаткан президент өз ишин жаңы мамлекет башчы шайлангыча аткара берет деген норма кабыл алынган.
Кийинки президенттик шайлоо Грузияда ушул октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG