Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Пакистанда жардыруудан набыт болгондордун саны 100дөн ашты


Өлкөдөгү Кветта шаарындагы жана Сват өрөөнүндөгү жардыруулардан мерт кеткендердин саны 100дөн ашты. Бейшемби кечинде Балучистан чөлкөмүнүн борбор шаары Кветтадагы бильярд клубунун жанында эки жардыруу болуп, андан кеминде 69 адам мерт кетип, 100дөн ашыгы жараат алды. Андан мурун ушул эле шаарда бомбанын жарылуусунан аз дегенде 11 киши жан таслим болуп, 30дан көп киши жараат алган. Полициянын билдиришинче, аскердик машинеге коюлган бомба жарылган. Бул бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти Балучи козголоңчуларынын улуттук уюму алды.

Ал арада Сват өрөөнүндөгү эң ири шаар болгон Мингорадагы жардыруудан 21 адам мерт болуп, 80ден ашыгы жараат алды. Бул бомба жергиликтүү калк намазга чогулган кезде жардырылган.

XS
SM
MD
LG