Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстанга келет


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк 17-январда Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Кадырбековдун айтымында, Блейк кыргыз-америкалык кеңешменин экинчи отурумуна катышуу үчүн делегацияны жетектеп келет.

Жыл сайын өтүүчү кыргыз-америкалык кеңешменин биринчи отуруму 2011-жылы июнда АКШда өткөн. Кеңешменин экинчи отуруму былтыр Бишкекте өтөөрү белгиленип, бирок 2013-жылга жылдырылган. Мунун себебин Тышкы иштер министрлиги кыргыз өкмөт түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болбой калганы менен түшүндүргөн.

Кеңешменин күн тартибинде кандай маселелер каралары жана АКШ мамкатчысынын жардамчысы кимдер менен жолугары расмий жарыялана элек. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG