Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Брахими АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү менен жолугат


Жолугушууда БУУнун жана Араб лигасыны чабарманы Лахдар Брахими Сириядагы ок атууну токтотуу үчүн бирдиктүү позицияга жетүүнүн жолдорун талкуулайт. Бүгүн Женевада боло турган жолугушуунун алдында Сириянын өкмөтү Брахимини Башар Асаддын бийлигине каршы чыгууда деп кескин сынга алган. Шаршембиде эл аралык чабарман президент Башар Асад өткөөл өкмөткө кирбөөгө тийиш деген оюн ортого салган. Андай утурумдук бийлик түзүү Сириядагы жарандык согушту токтотуу планынын бир бөлүгү катары каралып жаткан.

Женевадагы жолугушууда Брахими Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов жана АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс менен жолугушат. Москва жана Вашингтон Сирия кризисин чечүү үчүн эки башка позицияны карманат. АКШ Башар Асадды бийликтен кетишин талап кылып, Сирия оппозициясын жактаса, Орусия Сириянын ишине кийлигишпөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG