Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Курал-жаракты Кыргызстанга алып келүүдө салыктан бошоткон мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Салык жана Бажы кодекстерине толуктоо киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик органдары өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында курал-жарак, аскердик техникаларын алып келүүдө кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыккан. Мыйзамдын демилгечилеринин бири Токон Мамытовдун айтымында, буга чейин чет өлкөлүк шериктер берген аскерий техникаларды өлкөгө киргизүүдө салыкты төлөөгө акча жетпей, кыйынчылыктар жаралып келген.

Айрым талдоочулар мыйзамдын кабыл алынышын Орусиянын Кыргызстанга аскерий жардам көрсөтүү боюнча убадасына даярдык катары божомолдошууда.

Өткөн жылдын ноябрь айында орусиялык бир катар басылмалар Орусия кыргыз армиясынын курал-жарагын жаңыртуу үчүн 1.1 миллиард доллар бөлөөрү тууралуу жазып чыккан. Курал-жаракты жаңылоо боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатканын президенттин аппаратынан да тастыкташкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG