Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Профсоюз тоолуу, алыскы аймакта пенсия жашын жогорулатууга каршы


Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик кошууну бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатууга каршы пикирин билдирди. Профсоюздун төрагасы Жээнбек Осмоналиев “Азаттыкка” учурда Социалдык фонд пенсия тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү сунуштап жатканын, анда бийик тоолуу айылда тургандардын жашын 3, ал эми алыскы, барууга кыйын аймактардыкын 1 жылга узартуу каралып жатканын маалымдады. Анын пикиринде, бул демилге ансыз да катаал шартта жашаган аймакта социалдык проблемаларды жаратат, ички миграциянын күчөшүнө алып келет. Социалдык фонд бюджетти үнөмдөө үчүн ушундай кадамга барып жатканын билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG