Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Чаткал: өзбек чек арачылар кармап кеткен корукчу үй камагына чыкты


Кыргызстандын акыйкатчысы өзбек чек арачылары кармап кеткен Жалал-Абаддагы Чаткал районунун Ак-Таш айылынын тургуну үй камагына чыкканын маалымдады. Салимбай Ашыров 2012-жылдын 17-майында кыргыз-өзбек чек арасынын жанында Чаткал коругун күзөтүп жүргөндө кармалган жана мамлекеттик чек араны бузду деген айып менен кылмыш иш козголгон. Кыргызстандын акыйкатчысы бул боюнча Тышкы иштер министрлигине жана Өзбекстандагы Кыргызстандын элчилигине кайрылган. Натыйжада Салимбай Аширов үй камагына чыгып, учурда Өзбекстандагы туугандарыныкында жашап жатат. Азыр тергөө иштери уланууда. Өзбек бийлиги мунапыс берип, жакында үйүнө кайтышы мүмкүн.

Чаткалдын Ак-Таш айылында жашагандар буга чейин Өзбекстан Кыргызстандын аймагына 300 метрдей кирип, 200дөй чакырым тилке жана корук убактылуу кайтарылбай каларын айтып, парламентке кайрылган болчу. Бул боюнча райондук комиссия түзүлгөн эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG