Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Ош жаштары Чарбак үчүн гумжардам чогултуп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев кабарлады. Анын айтымында, азыр шаардагы бардык мекеме-уюмдарга жардам чогултулуп жатканы тууралуу кабар берилди. Демилгени Оштун мэри Мелис Мырзакматов да колдоп жатат. Чогулган тамак-аш, дары-дармек ушул дем алыш күнү жеткирилмекчи.

Чек ара жаңжалы чыккан Чарбак айылына жана барымтага түшүп, ур-токмокко алынган тургундарга буга чейин Сохтун жака-белиндеги башка айылдар да каралашып жаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG