Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Баткенде диниятчылар элди сабырдуулукка чакырды


Өзбекстанда барымтада болуп, таяк жеп, ооруканада жаткан 8 кишинин абалы менен таанышып, жардам алып келген Баткен район казысы Нуридин Мамсабиров ушундай билдирүү таратты. Анын айтымында, учурда кызуу кандуулукка алдырып, ойлонулбаган кадамдарга барууга болбойт. "Ошондуктан сабырдуу болуп, эки элдин мындан ары ынтымакка келүүсү менен мурдагы жашоону калыбына келтирүүгө аракет жасоо зарыл. Ал үчүн тийиштүү кызматтар иштеп жаткандыктан, жергиликтүү тургундар топтошуп, ар кандай аягы өкүнүчкө алып келчү кадамдарга барбоого тийиш", деди казы.

6-январда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, ушул дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары бул маалыматты четке кагууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG