Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Пакистанда ич ара араздашууларда 115 адам набыт болду


Пакистандын Кветта шаарында кечээ болгон жардыруулардан 115 адам өлгөнү маалымдалды. Кветта - өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын административдик борбору. Кветтадагы шиит азчылыгына таандык снукер же бильярд клубда жанкечтиге катар машинеге коюлган бомба жарылганда 80ден ашуун адам өлгөн. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти суннилердин “Лашкар-е-Жангви” уюму өзүнө алды.

Андан мурдараак Кветтадагы коопсуздук күчтөрүнүн базасындагы жардырууну жикчилердин "Бирдиктүү белуж армиясы" уюштурганын жар салды.

Бейшемби күнү Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндөгү жардыруудан ибадатка чогулган 22 адам мерт кеткени кабарланган. Бомба чабуулун Пакистан талиптери уюштурган деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG