Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Чехияда президенттик шайлоо башталды


Сурамжылоолорго караганда, баарынан көп добушка мурдагы премьер-министрлер Милош Земанда жана Ян Фишер ээ болушу мүмкүн. Үчүнчү популярдуу талапкер бети-башын ийнелеп чегелетип, сүрөт тарттырып алган композитор Владмир Франц саналат. Президенттикке тогуз талапкер ат салышууда.

Жума-ишемби күнкү шайлоодо эч бир талапкер 50 проценттен көп добуш албаса, эң көп добуш алган эки талапкер эки аптадан кийин кайра шайлоого түшөт. Биринчи жалпы элдик президенттик шайлоодо 8 миллиондон ашык жаран добуш берүгө тийиш. Буга чейин президентти парламент шайлачу.

Азыркы президент, 71 жаштагы евроскептик Вацлав Клаус катары менен эки мөөнөт беш жылдан президенттик кылгандыктан, үчүнчү жолу шайлоого катыша албайт.

Чехияда президенттик бийлик укуку чектелүү эле. Бирок сотторду жана премьер-министр сунуш кылган министрлерди дайындайт, мунапыс берет, мыйзамга вето жарыялай алат.

XS
SM
MD
LG