Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Кветтада шииттер бомба чабуулунан өлгөндөрдү көмүүдөн баш тартышты


Пакистандын Кветта шаарындагы шиит азчылыгы бейшемби күнкү шииттерге каршы багытталган бомба чабуулуна нааразылык ирети чабуулда өлгөн адамдардын жасаттарын жерге берүүдөн баш тартышууда. Кветталык шииттер жума кепинге оролгон 30 адамдын табытка салынган денесин көмбөстөн көчөгө калтырып коюшту. Алар бул жасаттарды өкмөт аймакта коопсуздук жагдайын жакшыртмайынча көмбөйбүз дешүүдө. Ошондой эле туташ жердеги жолду буушуп, дөңгөлөктөрдү өрттөшүүдө.

Белужистан провинциясынын байтакты Кветтадагы бильярд клубунда удаа-удаа болгон жардыруу 80ден ашык адамдын өмүрүн алган. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти суннилердин “Лашкар-е-Жангви” уюму өзүнө алган.

Андан мурдараак Кветтадагы коопсуздук күчтөрүнүн базасындагы жардырууну жикчилердин "Бирдиктүү белуж армиясы" уюштурганын жар салды.

Бейшемби күнү Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндөгү жардыруудан ибадатка чогулган 22 адам шейит өлгөнү кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG