Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Сирия кризиси боюнча АКШ-Орусия бир пикирге келген жок


Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими жана АКШ менен Орусиянын тышкы саясат боюнча орун басар министрлери Сириядагы согушту тез саясий жол менен токтотууга үндөштү. “Бул чатак согуштук жол менен чечилбейт деген өз көз караштарыбызды биз кайра баса белгиледик”, деп айтылат Лахдар Брахиминин АКШ мамкатчысынын орун басары Вильям Бөрнс жана Орусиянын тышкы иштер министринин найыбы Михаил Богданов менен Женевада жума күнү болгон кездешүүсүнөн соң жасалган билдирүүдө. Бирок Сирия кризисин жөндөөдө Москва жана Вашингтон эки башка жээкте. Вашингтон Сирия оппозициясын колдоп, Башар Асад президенттиктен кетсин деп талап кылууда. Орусия, тескерисинче, Асадды колдойт.

Брахими журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Сиздер менден чечим бурчтун тияк-биягындабы деп сурасаңыздар, мен ага эмне дээримди билбейм”, - деп жооп берди.

Жума күнү козголоңчулар Сириянын түндүк-батышындагы Тафтаназ базасын ээлегени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG