Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Шоноевдин өлүмүн иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыктын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди 11-январь күнү кечки саат 19.30дар чамасында үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Милициянын маалыматы боюнча, тогуз ирет атылган октун бешөө Шоноевге тийип, ал окуя болгон жерде мерт кеткен. Милиция бул кылмыштын бети ачууда коомчулуктун жардамы керектигин билдирди. Ал үчүн ишеним 0 (3222) 57181 телефону иштеп жатат.

Толкунбек Шоноев 1977-жылы туулган, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыктын бөлүм башчысы болуп 2011-жылдын февраль айынан тарта иштеп келаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG