Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Пакистан: шииттер террор курмандыктарын көмүүдөн баш тартты


Бир миңдей пакистандык шиит мусулмандары өлкөнүн түштүк-батышында бейшемби күндөгү бомба чабуулдарында набыт болгон туугандарынын сөөктөрүн жолго коюп алып, унааларды өткөрбөй турушат. 50дөй табытты чоң жолго тизип койгон демонстранттар өкмөттөн коопсуздукту жакшыртууну талап кылып жатышат.

"Биз Пакситандын эли менен бирге бул маңызсыз, зөөкүр кол салууларды катуу айыптайбыз. Жалпылап айтканда биз Пакистандагы экстремизм көрүнүштөрүнө өтө тынчсызданабыз", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Виктория Нуланд.

Кветта шаарындагы шииттер отурукташкан ооданда эки катар бомба жарылуусунда 90ден ашык киши мерт кеткен эле. Сунни мусулмандарынын "Лашкар-э-Жиханви" тобу "чабуулду биз уюштурганбыз" деп айтууда. Бул күнү түндүк-батыштагы Сват өрөөнүндө жана Кветтада Балучи сепаратисттери жоопкерчиликти өзүнө алган эки бөлөк жардырууда 30дан ашык кишинин өмүрү кыйылган эле. Пакистандагы мусулман секталары арасындагы жана сепаратисттердин кол салууларын Кошмо Штаттары айыптады.

XS
SM
MD
LG