Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Азербайжанда аскердин өлүмүнө каршы акция өттү


Бүгүн Бакы калаасынын борборунда армияда аскерлердин өлүмүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында демонстрация өттү. Ушул аптада армияга жаңы алынган Жейхун Кубадовдун жүрөгү кармап, көз жумганы кабарланган. Бирок аскердин туугандары ага карата зордукчулук колдонулган болушун айгинелеген сүрөттөрдү жарыялашкан.

"Биздин аскерлердин өлтүрүлүшүнө жол бербейли, биздин мекенибиз көрүстөнгө айланбасын" деп ураан чакыргандардын акциясы адегенде тынч башталып, тартип коргоочулар тизилип турушкан. Бирок "Азаттыктын" азери кызматы билдиргендей, мыйзамсыз акция деген негизде бийликтер демонстранттарды аянттан сүрүп чыгарууга аракеттенгенде айрым жерлерде кагылышуулар орун алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG