Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Кадамжайда катуу шамалдан бир канча имарат жабыркады


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында катуу шамалдан улам мектептин чатыры кыйрады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Айни атындагы орто мектептин чатырынын 130дай шыйпыры, тиреп турган 50дөй чоң жана 100дөн ашык кичинекей устундары учуп кеткен. Ушул эле райондун Какыр айылында Исмаилов атындагы мектептин, Кара-Дөбө айылындагы майыптар үйүнүн от жагуучу жайынын шиферлери учуп түшкөн.

Маалыматка ылайык, кечээ Кадамжай районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен.

Ал эми Талас облусунун Кара-Буура районунда секундасына 20 метр ылдамдык менен соккон шамалдан 6 үйдүн чатыры жабыркаган. Аталган облустун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылындагы куюн бир турак үйдүн чатырын учурган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG