Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Ху Цзинтаодон Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосуна жооп келди


Президент Алмазбек Атамбаев Кытай эл републикасынын башчысы Ху Цзинтаодон 12-январда ыраазычылык катын алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коңшу өлкөнүн жетекчиси Алмазбек Атамбаев анын 70 жылдык мааракесин куттуктап жиберген катына жооп жазган. Ху Цзинтао катында ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достугу, кызматташтыгы акыркы жылдары өнүгүп жатканын айткан. Ошондой эле экономикалык, соода жана транспорт тармагында кызматташтык жакшырганын, мындай көрүнүштөр эки тараптын тең кызыкчылыгына пайдалуу экенин билдирген. Катта Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылы Кытайга сапары жемиштүү болгону, Кытай тарап өз ара саясий ишенимди, эки тараптын кызыкчылыгы үчүн кызматташтыкты күчөтүүгө даяр экени жазылган.

Кытай Эл Републикасынын лидери, Кытай коммунисттик партиясынын баш катчысы Ху Цзинтао 21-декабрда 70 жашка толду. Кытайды 2003-жылдан тарта башкарып келатат. Ал өлкө башына келгенден бери Кытайдын экономикасында, илим жана спортунда олуттуу ийгиликтер жаралганы, социалисттик республиканын дүйнөдөгү бедели жогорулаганы айтылып келет. (AKu)

XS
SM
MD
LG