Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Баткен: Чарбак жаңжалындагы чыгымдар такталууда


Учурда көз карандысыз баалоочулар окуя болгон жерде чыгымдарды тактоо иштерин улантып жатканын “Азаттыкка” бүгүн Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков билдирди. Ал ошондой эле өзбек тарап чыгым тарткан кыргыз жарандарына чыгып, маселени жекеме-жеке сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылып жатканын, бирок ага жол берилбестигин кошумчалады. Облус башчысынын айтымында, келтирилген чыгымдардын баары каттоого алынып, бул иш расмий түрдө гана жүргүзүлөт.

5-7 январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Сох анклавынын ичинде кыргыз жарандарына тиешелүү 17 автоунаа талкаланып, экөөсү өрттөлгөн. Алардын баары азыр жараксыз абалда. Мындан сырткары Сохтун Хушяр айылынын тургундары Чарбак айылына бастырып киргенде дагы үч автоунаа талкаланган. Өзбек жарандары Чарбак айылында 15 электр мамысын кыйратып, 1,5 чакырым узундуктагы электр зымын өз аймагына алып кирип кетишкен. Ошондой эле 30 адамды барымтага алганда аларды уруп-сабоо менен жанындагы акчаларын, мобилдик телефондорун, документтерин жана башка баалуу буюмдарын тартып алышкан.

Барымтадан бошотулган отуз адамдын сегизи азыр облустук ооруканада дарыланууда.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтса, Кыргыз чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген.

Сох анклавындагы жолдор жабык бойдон. Кыргыз тарап чыгымдар толук төлөнмөйүнчө жол ачылбастыгын эскерткен. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG