Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Грузияда эки жүзгө чукул «саясий айыпкер» мунаса алды


Грузияда бүгүн күчүнө кирген мунасанын чегинде 190дой айыпкер бошотулду. Бүгүн эркиндик алгандар былтыр жыл соңунда парламент тарабынан саясий айыпкерлер деп таанылган эле. Соңку мунаса боюнча алдыдагы күндөрү жалпы жонунан үч миңдей айыпкер бошотулат деп күтүлүүдө.

Бүгүн бошотулгандардын бардыгы 2005-2011-жылдары оппозициячыл саясий иштерге аралашкандар болчу. Бир нечеси Орусиянын кызыкчылыгында тыңчылык кылган деген кине менен соттолгон. 27-декабрда президент Саакашвили «саясий айыпкерлерге» байланышкан мунасанын бир бөлүгүнө вето койгон, бирок кийинки күнү парламент анын ветосун жокко чыгарган. 11-январда президенттин мыйзамга кол коюу мөөнөтү аяктагандан кийин ага парламенттин төрагасы Давид Усупашвили кол койгон эле.

XS
SM
MD
LG