Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Пакистан өкмөт башчысы шийи демонстранттары менен жолугууда


Пакистандын премьер-министри Ража Первез Ашраф бүгүн Кветта шаарында нааразылык акциясына катышып жаткан шийилер менен жолугууда. Миңдеген теги хазара шийилери үч күндөн бери коопсуздукту бекемдөөнү талап кылып жатышат. 10-январдагы жардырууда 90дон ашык киши каза таап, 121и жараат алган эле.

Демонстранттар өлтүрүлгөндөрдүн табыттары менен жол кыймылып бууп турушат. Ашраф аларды өлүктү жерге берүүгө чакырат деп күтүлүүдө. Пакистан калкынын 20 пайызын түзгөн шийи мусулмандары аларды суни мусулмандарынан чыккан экстремисттер улам кайра бутага алып жаткандыгын айыпташууда. Алар Пакистандын түштүк-батышында орун алган Кветта шаарында коопсуздук чараларын жакшыртууну талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG