Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Полковник Шоноевди өлтүрдү деп шектелген адам кармалды


Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп шектелген адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Анын айтымында, шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кечээ кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Оштон кылмыштын бетин ачуу боюнча иштеп жаткан топ Бишкекке учуп кетти.

Тергөөгө залакасы тийбесин деген максатта шектүүнүн аты-жөнү сыр сакталууда.
ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди 11-январда кечинде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында, үйүнүн жанынан атып кетишкен. Маркумдун сөөгү жекшемби күнү жерге берилди. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG