Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Президент сунуштаган Жол картасы боюнча 70тей долбоор ишке ашат


Президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган Кыргызстандын алдыдагы беш жылга карата өнүгүүнүн Жол картасы боюнча жалпысынан 70тей долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу ушу тапта Жол картасы талкууланып жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтылганын кабарчыбыз билдирүүдө. Бул аталган Улуттук кеңештин экинчи жыйыны. Ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Сунушталган Жол картасына ылайык, алдыдагы беш жылда Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл сайын кеминде 7%га жогорулап, 2017-жылы азыркыдан 2 эсе өсүп, 630 миллиард сомду түзүүсү керек. Ар бир жан башына эсептегенде бул 2 500 долларга барабар болот. Азыр бул көрсөткүч 1 200 доллар.

Инфляция быйыл жана эмки жылы 9%дан, ал эми 2015-2017-жылдары 5-7%дан ашпашы керек.

Калктын орточо жаш курагы азыр 69 болсо, беш жылдан кийин 73 жаш болот деп болжолдонууда.

Жакырчылыктын деңгээли азыр 37% болсо, беш жылдан кийин 25%, айлык акынын орточосу азыр 11 500 болсо, 2017-жылы 26 миң сом болоору жана кошумча 350 миңдей жумуш орун түзүлөөрү да айтылууда.

Жол картасында айыл чарба, энергетика, жол жана кен казуу багыттары камтылган.

Бүгүнкү жыйындын соңунда аталган план-документ кабыл алынат деп күтүлүүдө. Улуттук кеңештин курамында өкмөт, парламент, бизнес өкүлдөрү бар. Аны президент өзү жетектейт. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG