Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Суталинов: Элди атууга буйрук берген эмесмин


Бүгүн Бишкекте апрел окуясы боюнча сот уланууда. Соттолуучу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталинов сурак берди. Кабарчыбыздын айтымында, ал 7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына чыккан митингчилерге ок атуу тууралуу буйрук бербегенин билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинде бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш козголгон. Соттолуучулар тизмесинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, ошол кезде өлкөдөгү маанилүү мекемелерди жетектеп турган адамдар бар. Жалпысынан 21 киши. Бакиевдер жана айрым соттолуучулар өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда. Алар маалымдоо каражаттарына интервьюсунда өзүлөрүн күнөөлүү деп эсептебесин билдирип келет.

Мурат Суталинов апрел окуясынан кийин дайынсыз кетип, кийин сотко өзү келген. Ден соолугуна байланыштуу ал үй камагында. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG