Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

HRW Сирия өкмөтү чачыратма бомбасы бар ракета атканын билдирди


Уюм Сириянын өкмөтүн бул өңдүү бомба колдонду деп алгачкы жолу айыптап жатат. Human Rights Watch бүгүнкү билдирүүсүндө Сириянын өкмөттүк армиясы BM-21 чачыратма бомбасын декабрдын этегинде Идлиб шаарына жакын жерде жана 3-январда Латамне деген жерде атканын жазды.

Уюмдун соңку отчету күбөлөрдүн интервьюларына, активисттердин видеолоруна жана чет өлкөлүк журналисттердин сүрөттөрүнө негизделген. Чачыратма бомба Египетте даярдалган деп кабарланууда. Андай бомба жерге түшкөндө заматта жарылбайт, ага кийин кимдир бирөө тийсе гана атылып кетет.

111 мамлекет кол койгон келишимге ылайык, бул өңдүү бомбаны колдонууга тыйуу салынган. Бирок Сириянын күчтөрү буга чейин да чачыратма бомбаны колдонуп келген.

XS
SM
MD
LG