Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Азербайжанда митингге чыккан 21 адам айыпка жыгылды


1-январдан тарта Азербайжанда күчүнө кирген “митингдер жөнүндөгү” мыйзамдын алкагында, Бакыда пикетке чогулгандар 380 доллардан 760 долларга чейин айып пул төлөшү керек. Өлкөдө орточо айлык акы 400 АКШ долларына барабар. Өлкөдө митинг-демонстрациялар жөнүндөгү жаңы мыйзам былтыр ноябрда күчүнө кирген жана анда айып пулдун көлөмү 30 эсеге көбөйтүлгөн болчу. Бул үчүн максималдуу айып пул 3 миң 800 доллар деп белгиленген.

Өткөн аптада армияда өлгөн Жейгун Кубадов деген аскер кыйноого алынганы жөнүндө сүрөттөр жарыяланып кеткенден кийин Бакыдагы активиситтер коомчулуктун буга көңүлүн бурдуруш үчүн митингге чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG