Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Апрель окуясы боюнча сот уланат


Анда айыпталуучулардын бири, мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Данияр Дунганов көрсөтмө берет. Ошондой эле бүгүн сот анын ден соолугуна байланыштуу ооруканага которуу тууралуу адвокаттын өтүнүчү карашы күтүлүүдө.

Кечээки соттук териштирүүдө Дунгановдун адвокаты Евгений Петров УМКнын убактылуу абагындагы дарылоо жакшы натыйжа бербей жатканын айтып, Дунгановду ооруканага которууну соттон сураган. Бирок сот төрагасынын өтүнүчтү ачык калтырганы башка адвокаттардын нааразычылыгын жаратты.

Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Данияр Дунгановго апрель окуясы боюнча сот башталар алдында, тагыраак айтканда 2010-жылдын ноябрь айында операция жасалган. Алгачкы соттук териштирүүлөр учурунда аны замбилге салып, көтөрүп келишчү.

2010-жылдын 7-апрелинде куралсыз элге ок аткан деген айып менен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон отузга чукул киши соттолууда. Алардын ичинен камакта экөө: мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов гана отурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG