Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Литвада сот мурдагы КГБ офицерин алты айга камоону чечти


84 жаштагы мурдагы чалгын кызматынын өкүлү Вацловас Коялисти 1950-жылдары литвалыктарды Сибирге сүргүнгө айдаганы үчүн эки жыл мурда Клайпеда аймактык соту 1500 доллар айып пулга жыккан болчу. Бирок прокурорлор өкүмдү “өтө эле жумшак” болуп калды деп даттанышкан. Литванын Кылмыш кодексинде жарандарды эркине каршы башка жакка күч менен көчүрүү олуттуу кылмыш катары каралат жана ал үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Вильнюстагы сот эми Коялисти “анын жашын, ден-соолугун жана кылмышынын көлөмүн эске алуу менен” жарым жылга түрмөгө отургузуу чечимин чыгарды. Литва 1940-жылдан 1991-жылга чейин Советтер союзунун курамында болгон.

XS
SM
MD
LG