“Кыргызгаз” ишканасы тараткан маалыматка ылайык, жылдын алгачкы айында кардарлар көгүлтүр от үчүн өткөн жылкы бааны төлөшөт. Ага ылайык, Кыргызстандын түндүгүндөгүлөр 1 кубметр газ үчүн 14,76 сом, ал эми түштүгүндөгүлөр 14,75 тыйын төлөйт. Маалыматта бекемделгендей, баалар ай сайын АКШ долларынын курсуна карай өзгөрүп турат.
Мурдараак Кыргызстан 2013-жылы көгүлтүр алуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен келишимдин аягына чыга электиги кабарланган.
Өткөн жылы Казакстандан алынган көгүлтүр оттун 1 куб метри 224 доллар, ал эми Өзбекстандан 290 доллардан алынган. Казакстан менен түзүлгөн келишим боюнча өткөн жылкы газдан 5 млн. кубметр калдык жаңы жылга өттү.(ZKo)