Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Сох чатагы боюнча түзүлгөн атайын комиссия ишин улантууда


Комиссия бүгүн Баткен районунун Сох анклавы менен чектешкен Бөжөй, Сай, Бел, Сырт жана Чечме айылдарынын эли менен жолугушат. Андан тышкары Бөжөй - Сөгөт - Бел жолунун курулушу менен таанышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткендеги кыргыз өкмөт өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев билдирди.

Чарбак жаңжалынан улам кыргыз өкмөтү түзгөн тармактар аралык комиссиянын өкүлдөрү үч күндөн бери Баткенде жүрөт. Тиешелүү министрликтер жана мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган топту кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров жетектөөдө. Комиссияга Чарбак чатагына күнөөлүүлөрдү тактап, абалдан чыгуунун жолдорун аныктоо милдети жүктөлгөн. Ал эми жумушчу топту өкмөттүк аппараттын уюштуруу, инспекциялык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов баштап жүрөт. Жумушчу топ чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү үчүн кайсы министрлик тез арада кандай иштерди жүргүзүү керектигин аныктап, өз сунуштарын иштеп чыкмакчы.

5-январда Баткендин Чарбак айылындагы чек ара тозотуна электр мамыларын орнотуудан тутанган жаңжалдын натыйжасында Чарбак айылынын бир топ тургуну коңшулаш Өзбекстандын Хушяр айлынын тургундары тарабынан барымтага алынып, айыл электр жарыгысыз, ичүүчү суусуз калган.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтууда. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарылганын билдирип келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG