Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Экономикалык кылмышка каршы күрөш күчөдү


Кыргызстанда коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөш күчөтүлөт. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы биргелешип иштөө жана маалымат алмашуу боюнча макулдашуу кабыл алды. Эки мекеме бири-бирине ыкчам маалымат берип, кылмышты алдын алуу багытында бирге иштемей болууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын билдиргенине караганда, былтыр июн айынан октябрга чейин эле 384 факт катталып, мамлекетке келтирилген залаканын жалпы суммасы 500 миллион сомдон ашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG