Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Сирия: Алеппо университетинде жарылуу болду


Алеппонун чет райондорунун бири. 5-январда тартылган сүрөт.

Алеппонун чет райондорунун бири. 5-январда тартылган сүрөт.

Мамлекеттик сыналгы жардыруу үчүн жоопкерлерди “террорчулар” деп атады. Адатта расмий өкүлдөр мындай "террорчулар" деген терминди президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңуларга карата колдонушат.

Бүгүнкү жарылуудан канча адам жабыркагандыгы тууралуу маалымат түшө элек. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун кабарына караганда, кеминде 15 адам өлүп, ондогондору жаракат алган. Университет имаратындагы жарылуу бомбадан же артиллериялык аткылоонун натыйжасында болгону азырынча анык эмес.

Алеппо университети Сириянын экинчи ири шаарынын армия бекем көзөмөлдөгөн аймагында жайгашкан. Шаар өзү 2012-жылдын июлунан бери өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосундагы кагылаштардын башкы майдандарынын бири. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG