Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Иран МАГАТЭ делегациясын Парчин комплексине киргизбейт


Парчин комплексинин космостон тартылган сүрөтү.

Парчин комплексинин космостон тартылган сүрөтү.

Ушул аптада Тегерандагы сапары учурунда Парчин аскерий комплексине кирүүгө үмүттөнөрүн бүгүн МАГАТЭ делегациясынын жетекчиси билдирди. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин баш директорунун орун басары Херман Накаертстин билдиргенине караганда, алардын сапары Иранда инспекцияны жандандыруу боюнча келишимди аягына чыгаруу максатын көздөйт. Тегеран да МАГАТЭ менен кеңири масштабдагы келишимге жетүүгө үмүттөнөрүн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпараст да билдирди. Бирок ал МАГАТЭ делегациясы Парчин комплексине кире аларын жокко чыгарды.

Мехманпарастын айтымында, Парчин комплексинин Ирандын өзөктүк программасына тиешеси жок. МАГАТЭ Иран өзөктүк тажрыйбаларды дал ушул комплексте өткөргөн деп узактан бери шек санап келет. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатат деп эсептешсе, Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG