Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Эл аралык террорчулар элди радикалдаштыруу үчүн социалдык медианы колдонууда


Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинде, министрлер деңгээлиндеги талкуу учурунда айтылды. Талкууда сөз сүйлөгөн БУУ баш катчысы Пан Ги Мун:

- Террорчулар жана экстремисттер социалдык түйүндөрдү адамдарды радикалдаштыруу үчүн колдонууда. Бул биз терроризм тууралуу аңгемелерди тынчтык, өнүгүү, адамдын бакыбатчылыгы жөнүндөгү сөздөр менен алмаштыруубуз керек болгон дагы бир мейкиндик.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде терроризмдин эл аралык коомчулукка тийгизген коркунучтары боюнча талкуу Пакистандын өтүнүчү менен уюштурулду.

Пакистан тышкы иштер министри Хина Раббани Кхар сөзүндө экстремисттер өз ишмердигин каржылоо, пландоо, адамдарды катарына тартуу, аларды козутуу үчүн маалымат жана коммуникация технологияларын колдонуп жатканына токтолду.

XS
SM
MD
LG