Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Сасыкбаева: Уюшкан кылмыш топторго каршы күрөштү күчөтүү зарыл


Кыргызстанда уюшкан кылмыш топторго каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Асия Сасыкбаева айтты. Күч түзүмдөрүнүн бул багытта жасап жаткан иши тууралуу отчет алуу керек деди. Полковник Шоноевди өлтүргөндөрдү кармап, жазалоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Сасыкбаева маркум милиционердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам үчүн спикердин фондунан каражат бөлүүгө чакырды.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди 11-январда кечинде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында, үйүнүн жанынан атып кетишкен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG