Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Экстремисттер элди радикалдаштырууда интернетти кенен колдонот


Эл аралык террорчулар интернеттеги социалдык түйүндөрдү жергиликтүү элди радикалдаштыруу үчүн пайдалданууда. Мындай билдирүүнү Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кхар Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде 15-январда болгон министрлер деңгээлиндеги дебатта жасады.

Кхар айымдын айтышынча, экстремисттер каржы булактарын табуу, желдеттерди жалдоо, чабуулдарды пландоо үчүн жаңы маалымат жана байланыш технологиясын, ошондой эле интернетти абдан жигердүү колдонушат. Ошондуктан ага каршы күрөшүү үчүн дүйнө коомчулугу тиешелүү контрчараларды иштеп чыгуу зарыл.
Терроризмдин эл аралык коркунучуна арналган бул талкуу Коопсуздук кеңешинин учурудагы төрагасы - Пакистандын суранычы боюнча уюштурулган.

XS
SM
MD
LG