Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Сот Бишкектин башкы планын "купуя сыр" деп чечти


Мындай чечимди Бишкектеги райондор аралык соту 15-январда чыгарды. Сот чечимине ылайык борбор калаанын баш планынын купуялыгы өкмөттүн токтому менен бекитилгендиктен, аны коомчулуктан жашыруун кармаган мэриянын аракети туура деп табылды. Бул тууралуу юрист Атыр Абдырахматова «Азаттыкка» билдирип, соттун чечими менен макул эместигин кошумчалады. Активист борбор калаанын баш планы ачык болууга тийиш, шаардыктар аны менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек деп эсептейт. Ушундан улам ал Бишкектеги райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутагына кайрылмакчы.

Юрист Атыр Абдрахматова сентябрь айында Бишкек шаардык мэриясына шаардын башкы планын сурап кайрылган. Бир айдан кийин мэрия «борбор калаанын баш планы купуя сыр» экенин негиздеп, суроосун канааттандырган эмес. Андан кийин активист бул иш боюнча Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG