Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Бүгүн кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин сөөгү жерге берилет


Белгилүү кинорежиссер, Кыргызстандын эл артисти Бекеш Абдылдаев узак оорудан кийин 15-январь күнү, 80 жашында дүйнөдөн кайткан. Бекеш Абылдаев Ташкендеги көркөм-театр институтун бүтүрүп келгенден кийин, 1959-жылдан тарта «Кыргызфильм» студиясында иштеген. 1965-жылы Камбаралы Бобуловдун «Түштүк кызы» чыгармасынын негизинде «Жоош кыз» деп аталган көркөм тасманы тарткан. Ошондой эле белгилүү кинорежиссерлор Т. Океев, С. Ишенов жана К. Кыдыралиев менен чогуу «Бакайдын жайыты» көркөм тасмасын тартууга катышкан.

Бекеш Абдылдаевдин чыгармачылыгынан элүүдөн ашуун даректүү тасмалар, киножурналдар жана кино очерктер, замандаштарынын бейнесине арналган фильмдер жаралган. Анын чыгармалары эл аралык деңгээлге чейин чыгып, бааланган.
Кыргыз киносуна кошкон салымы үчүн Бекеш Абдылдаев 2010-жылы Кыргызстандын эл артисти наамын алган.

Маркумдун сөөгү бүгүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG