Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Блейк Кыргызстан-Америка кеңешмесине катышат


АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк бүгүн Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышат. Анда эки мамлекеттин ортосундагы саясий- экономикалык кызматташтык, коопсуздук, демократиялык өнүгүү, энергетика, маңзат менен күрөшүү, билим берүү жана маданият багыттары боюнча негизги маселелер талкууланат. Президенттин басма сөз кызматынын кабарлаганы боюнча кеңешмеден кийин АКШ бийлигинин жогорку деңгээлдеги өкүлүнүн катышуусунда маалымат жыйыны болот.

Кечээ Роберт Блейк Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен жолугушкан. Анда Алмазбек Атамбаев антитеррордук күчтөрдүн Транзиттик борбору тууралуу келишим 2014-жылы аягына чыгарын дагы бир жолу эскертип, “Макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”, - деп айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG