Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Алжирдеги туткундардын арасында АКШ жарандары бар


АКШ мамлекеттик департаменти кечээ Алжирде исламчыл согушкерлер туткундаган чет элдиктердин арасында америкалыктар бар экенин тастыктады. Департаменттин өкүлү Виктория Нуланд барымтага алынган америкалыктар канча экенин айткан жок.
Алжирдин чыгышындагы мунай тазалоочу заводдо иштеген 41 чет элдик жаран туткундалганын аль-каидага тиешеси бар экстремисттик топ бекемдеди. Ошондой эле эки чет эл жараны Франциянын Малидеги кырдаалга кийлигишүүсүнө жооп катары өлтүрүлгөнү айтылды.
Француз аскерлери алты күндөн бери Алжирдин түштүк-батышындагы коңшусу Малиде ислам жоочуларына каршы операцияга катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG