Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Тажикстанда Ислам кыймылынын мүчөлөрүн кармоо операциясы жүрүүдө


Операция Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында жүрүп жатат. Согди облусунун милиция башчысы Шариф Назаров өткөн жумада аймактан кыймылдын алты мүчөсү кармалганын кечээ журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле өткөн жумада эки автоинспекторду өлтүрүп кеткендер да Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү деп билдирип, кармалгандардын атын атоодон коопсуздук үчүн деп, баш тартты.

Өзбекстандын ислам кыймылы деп аталган уюм Борбор Азияда халифат түзүүнү көздөйт жана аль-каида, талибан террордук уюмдары менен байланышта деп айтылат. Аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG