Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Пакистанда ИИМ митингчилерди тароого чакырууда


Пакистандын Ички иштер министри Рехман Малик Исламабаддын борбордук аянтындагы миңдеген кишинин ачык асман алдында түнөп жатышы шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жатканын билдирди. Ал ошондой эле бийликтин жана шаардыктардын чыдамы түгөнгөнүн кошумчалап: "коомчулук качанкыга чейин чыдайт? Өкмөт качанкыга чейин чыдайт? Сабырдуулуктун да чеги болот, чыдамыбыздын түгөшүнө жеткирбегиле" деди.

Министр чогулгандар чабуул жасайт деген маалымат да бардыгын айтып, бул оппозициянын лидери Тахир-ул Кадри үчүн чоң жаңылыштык болорун эскертти.

Таасирдүү динаятчы Тахир-ул-Кадри баштаган миңдеген демонстранттар жекшемби кечтен бери Исламабадда өкмөттүн отставкасын жана парламентти таратууну талап кылып турушат.

XS
SM
MD
LG