Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Боом ичиндеги унаа жол быйыл оңдолуп бүтөт


Боом капчыгайынын ичиндеги унаа жолду оңдоо иштери быйыл бүтөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Унаа жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү туристтик сезон башталганга чейин ал жол оңдолуп бүтөт. Боомдун жолун оңдоо мурдагы жылы башталган. Бул жол Кытай бөлгөн 200 миллион доллар насыянын эсебинен курулуп жатат. Жолду ошол эле Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы курууда. (RK)

XS
SM
MD
LG