Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Үч элчи ээлеген кызматынан бошоду


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын чет мамлекеттердеги үч элчиси ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыргалбек Азылов Бельгия, Франциядагы элчи жана Европа шериктештигинин комиссиясынын алдындагы туруктуу өкүл кызматынан, Алик Орозов Пакистандагы элчи кызматынан жана Ирина Оролбаева Индия, Шри-Ланка, Непал, Бангладештеги элчи кызматынан бошотулду.

Ирина Оролбаева тууралуу жарлыкта ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Ал эми Жыргалбек Азылов менен Алик Орозовдор боюнча жарлыкта андай түшүндүрмө жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG