Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Алжирде барымтадан кеминде 15 чет өлкөлүк, 30 жергиликтүү жаран качканы айтылды


Алжирдин Ennahar деп аталган менчик телекомпаниясы ысмы аталбаган расмий өкүлгө шилтеме менен “барымтадан качкан чет өлкөлүктөрдүн ичинде француз түгөйү да бар” экенин кабарлады. Буга чейин мамлекеттик APS маалымат агенттиги Ливия менен чектеш аймактагы чөлдө газ иштеткен заводдун барымтадагы кызматкерлеринен кеминде 30 алжирлик да барымтачылардын колунан качып кеткенин кабарлаган. Соңку кабарларды азырынча расмий бийликтер тастыктай элек.

Ал арада Алжирдин өкмөттүк аскерлери исламчыл козголоңчулар басып алган заводду дале курчап турушат. Козголоңчулар “коңшулаш Малини француз аскерлери бошотушсун” деп талап кылышкан. Алжир өкмөтү барымтачылар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG