Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жоомарт Оторбаев Чарбакка барды


Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Чарбак айылында болуп, жергиликтүү эл менен баарлашты. Анда жергиликтүү тургундар аймактагы чек ара, жол-суу маселелерин айтышып, чек араны тезирээк чечип, бекемдеп берүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу Баткендеги өкмөт өкүлүнүн басма сөз катчысы Мамажан Дербишев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жоомарт Оторбаев өкмөт тарабынан Сох окуясына байланыштуу чек арадагы кырдаалды, андан улам айылдардагы келип чыккан социалдык маселелерди чечүү боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

1-вице-премьер-министр кечээ ошондой эле Согмент жана Таян айылдарында да болуп, эл менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар өкмөт чек араны бөлүүчү мамы менен зымды берсе, аны орнотууга айылдыктар жардам берүүгө даяр экенин айтышты.

Ошондой эле кечээ Чарбак айылынын тургундарына 14 тонна көмүр акысыз таратылды. Андан тышкары арзандатылган баада тоннасы 4,5 миң сом турган көмүр түшүрүлдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG