Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Киши колдуу болгон үч күрд активистинин тажиясына он миңдеген эл чогулду


Миңдеген эл үч күрд аялынын - Сакине Жансыз, Фидан Доган жана Лейла Сөйлемездин - табытын көтөрүп баратышат, Түркия, 17-январь, 2013
Миңдеген эл үч күрд аялынын - Сакине Жансыз, Фидан Доган жана Лейла Сөйлемездин - табытын көтөрүп баратышат, Түркия, 17-январь, 2013
Өткөн аптада Парижде өлтүрүлгөн үч күрд активист-аялды бүгүн Түркиядагы Дябакыр шаарында акыркы сапарга узатышты. Негизинен күрддөр отурукташкан бул шаардагы тажияга 50 миңге жакын адам катышканы кабарланууда.

Башынан ок жегени айтылган ал үч аялдын бири Сакине Жансыз өлкөдө мыйзамсыз деп табылган Күрдстан Эмгекчилер партиясынын (ПКК) түзүүчүлөрүнүн бири болчу. Аялдарды өлтүргөндөрдүн максаты белгисиз. Бирок окуя түрк бийликтери ондогон жылдарга созулган жаңжалды токтотуш үчүн ПККнын камактагы лидери Абдулла Ожалан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан чакта болду.

Белгилүү күрд саясатчысы Желаттин Демирташ тажияга чогулган элге кайрылуусунда: “Активисттердин өлүмү узакка созулган жаңжалга чекит коюну каалагандарды мындан баш тарттыра албайт”, - деп айтты. ПКК Түркиянын түштүк-чыгышында Күрд автономиясына жетишиш үчүн куралдуу күрөшүн 1982-жылы баштагандан берки кагылыштарда 45 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG