Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138 жана 198-265 чакырымдарында жол боюндагы тоолуу участоктордо топтолгон кар аткыланып түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, аткылоо иштери бүгүн башталып, 24-январга чейин жүргүзүлөт. Ал үчүн артиллериялык курал колдонулат. Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында кар көчкү түшүп, адам өмүрү үчүн кооптуу абал түзүлүшү ыктымал экени айтылууда. (RK)